Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:08

АКШ-Ооганстан келишими ача пикир жаратууда


АКШ менен Ооганстан ортосундагы коопсуздук келишиминин кабыл алынышы боюнча эки ача маалымат таратылды.

Бул келишим 2014-жылы Ооганстандан чет өлкөлүк аскерлер чыгарылгандан кийин ооган жеринде калчу америкалык аскерлердин статусун аныктамак. Ооган президенти Хамид Карзайдын маалымат катчысы Аймал Фаизи 19-ноябрда эки тарап келишимди толугу менен макулдашканын айтып чыкты. Анын айтымында, келишимге ылайык, америкалык аскерлердин статусу аныкталып, алар оогандардын үйлөрүн текшерүү укугунан ажыратылды.

Бирок АКШ мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Жен Псаки Вашингтондо журналисттерге сүйлөп жатып келишимдин соңку варианты кабыл алына электигин билдирди. Эки тараптуу коопсуздук келишимин ушул бейшембиде Лоя Жырга деп аталган оогандардын аксакалдар кеңеши талкуулайт. Андан соң ооган парламентинин кароосуна жөнөтүлөт.

XS
SM
MD
LG