Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:00

Аутизмге чалдыккан балдардын көйгөйү талкууланат


Талкууну аутизмден жабыркаган балдардын ата-энелеринин ассоциациясы уюштурууда. Анда бул дартка чалдыккандардын көйгөйлөрү жана бул дарт менен күрөшүүдөгү башка өлкөлөрдүн тажрыйбалары жөнүндө сөз болмокчу.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, Кыргызстанда бул дартка чалдыккан 120 бала расмий каттоодо турат. Бирок майып балдардын ата-энелери ассоциациясы министрлик бул санды атайлап төмөндөтүп жатат деп эсептешет. Алардын айтымында, Кыргызстанда 2400гө жакын бала бул дарттан жапа чегет.

Аутизм бул - психологиялык өзгөчөлүк. Autismus терминин илимге 1910-жылы швейцариялык психиатр Эйген Блейлер киргизген. (BkA)

XS
SM
MD
LG