Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:01

Көчкү коркунучу күтүлүп жатат


Кыргызстандын тоолуу райондорундагы унаа жолдорунда кар көчкү жүрүшү ыктымал. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 22-ноябрга чейин күтүлүп жаткан аба ырайына байланыштуу айдоочуларга алыс жолго чыкпоону эскертет. Зарыл жумуш менен чыккандарга унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо сунушталат.

Кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү күтүлгөн аймактар:

Бишкек-Ош жолунун 121-137, 198-265-чакырымдары,
Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку жолунун 45-90, 145-150-чакырымдары,
Каракол-Эңилчек жолунун 45-90-чакырымдары,
Ала-Бука-Каныш-Кыя жолунун 62-100-чакырымдары.

Суусамырда ӨКМнин куткаруучулары атайын пунктка жайгашып, оор абалда калгандарга жардам көрсөтүү максатында атайын ыкчам нөөмөтүн баштады. (SE)

XS
SM
MD
LG