Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:18

“Садоводдо” кармалган кыргызстандыктар бошотулду


Москвадагы “Садовод” базарынан 19-ноябрь күнү орус милициясы кармаган кыргызстандыктар бошотулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Орусиядагы элчиликтин басма сөз катчысы Айымкан Кулукеева билдирди.

Анын айтымында, шейшембиде аталган соода борборунан кармалган жүздөгөн мигранттардын арасында эки кыргызстандык болгон. Текшерүү учурунда документтери толук экендигине байланыштуу бошотулган.

Аталган базарда октябрь айында да ири рейд болуп, Борбор Азиядан барып иштеп жаткандар камакка алынган, көпчүлүгү депортацияланган.

Орусияда соңку айларда мыйзамсыз мигранттарга каршы рейддер күчөтүлгөн. Ал жакта иштеп жүргөн 28 600 кыргызстандык жаран Орусиянын кара тизмесине алынганы расмий кабарланган. 19-ноябрдан тарта кара тизме боюнча кыргыз-орус өкмөттөрү аралык түзүлгөн комиссиялык топ иштеп жатат. Аталган топ жарандар кара тизмеге эмне себептен кирип калганын иликтейт. (SE)

XS
SM
MD
LG