Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:52

Багдаддагы жардыруулардан 24 адам мерт болду


Ирактын баш калаасындагы чабуулдар негизинен шийи мусулмандары отурукташкан райондордо болду. Садрия районундагы базардын кире беришинде дүрмөттөлгөн машине жарылып, кеминде 5 киши өлдү, жаракат алгандар көп. Башка чабуулдар Шааб, Тобчи, Каррада, Азамия жана Амил райондорунда катталды. Быйыл апрелде өлкөнүн түндүгүндө суннилердин нааразылык лагерине жасалган рейдден бери Иракта зордук-зобун кайра күчөгөн. Ошондон бери Бириккен улуттар уюмунун эсебинде, өлкөдө 5,5 миңдей киши түрдүү чабуулдарда набыт болду.

 

XS
SM
MD
LG