Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев "Өнөр-жай коопсуздугу жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Презденттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Жогорку Кеңеш тарабынан 3-октябрда кабыл алынган бул мыйзам өнөр жай коопсуздугу жагындагы техникалык жөнгө салуунун негизги жоболорун аныктайт.
Опурталдуу өндүрүштүк аймактарда кырсыктардын алдын алууга жана анын кесепеттерин жоюуга уюмдардын даярдыктарын камсыз кылууга багытталган мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргызстанда көбүнчө көмүр казуучу шахталарда түрдүү кырсыктар катталып турат. (SE)