Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:43

Башкы прокуратура: Келдибеков коррупция боюнча айыпталууда


Жогорку Кеңештеги "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Акматбек Келдибековдун кармалышынын себептери боюнча Башкы прокуратура бүгүн кечке жуук маалымат таратты. Анда 19-ноябрда Башкы прокуратура Акматбек Келдибековго Кылмыш кодексининин 303-беренеси ( коррупция), 304-беренеси (кызмат абалынан ашыкча пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогону айтылат. Келдибеков 2005-жылдары Социалдык фонддун төрагасы болуп турган кезде 21 миллион сомдон ашык каражатты негизсиз короткон деп айыпталууда. Ошондой эле кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Жогорку Кеңештин эл аралык парламенттик уюмдардагы атайын өкүлчүлүктөрүнүн ишмердигин координациялоо маселелери боюнча атайын кызмат ордун мыйзамсыз түзгөнү жана аны каржылоого республикалык бюджеттен 10 миллион сом бөлүнгөнү айтылууда.

Акматбек Келдибековду УКМК кызматкерлери кармап кетип, сурак берип жатканы бүгүн түштөн кийин белгилүү болгон. Бирок анын кармалышынын себептери айтылбай жаткан.Учурда Келдибеков УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Акматбек Келдибеков президент Акаевдин тушунда Социалдык фондду, президент Бакиевдин учурунда Салык кызматын жетектеген. 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо "Ата-Журт" партиясынын тизмеси менен депутаттыкка келип, Жогорку Кеңештин төрагасы да болгон.(BkA)

XS
SM
MD
LG