Ярославлда футбол оюнунда нацисттик желек булгаган киши 7 күнгө камалды.
Сот “экстремизмди пропагандалаган” деп айыпталган жаранга карата чечимди бүгүн чыгарганын полициядан кабарлашты. 31-октябрда Ярославлдагы “Шынник” командасы Москванын “Спартагы” менен беттешкенде бул киши килейген нацисттик желекти булгап турганы көрүнгөн. Мунун айынан оюн токтоп калып, 20 мүнөттөн кийин улантылган болчу. Орусиянын футбол биримдигинин тартип коргоо комитети эки командага тең бул үчүн айып пул таккан.