Жогорку Кеңеш депутаты Акматбек Келдибеков бүгүн УКМК камакка алаардан бир аз мурда өзүнө карата кылмыш иши козголушу боюнча видео билдирүү жасаганы кечке жуук белгилүү болду. Жергиликтүү “Кабарлар” сайтына жарыяланган бул билдирүүдө Келдибеков козголгон ишти саясий негизде деп атап, “Кыргызгазды” Орусиянын “Газпромуна” сатууга каршы чыкканы жана Кумтөр боюнча келишимди денонсациялоо демилгесин көтөргөнү үчүн куугунтукка кабылганын айткан:
- Мага каршы куугунтук 2011-жылы эле башталган. Анда УКМКдан иликтешип, эч кандай далил жок дегени үчүн аталган комитетте иштеген эки кызматкер иштен бошотулган. Андан соң иш Башкы прокуратурага берилип, бул орган каалагандай мыйзамды тебелеп, иш козгоп жатышат. Анан унчукпай жүрүшүп, качан биз Кумтөр боюнча келишимди денонсациялоо демилгесин көтөргөндө жана “Кыргызгаздын” сатылышы боюнча чындыкты айткан соң бул ишти көтөрүп чыгышты.
Ошондой эле Келдибеков коррупциялык ишке шектелген бийликчил партиялардын өкүлдөрүнүн иштери иликтенбей жатканын белгилеген.
Акматбек Келдибеков бүгүн түштөн кийин УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Башкы прокуратура Келдибековду 2005-жылдары Социалдык фонддун төрагасы болуп турган кезде 21 миллион сомдон ашык каражатты негизсиз короткон деп айыптоодо. (BkA)