Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:40

Кыргыз экономикасы 2014-жылы 6.5% өсөт


Комбайн буудайды жыйноодо, Актык дыйкан чарбасы, Астана областы, Казакстан, 10-сентябрь 2013-ж.
Комбайн буудайды жыйноодо, Актык дыйкан чарбасы, Астана областы, Казакстан, 10-сентябрь 2013-ж.
Келерки жылда айыл-чарба продукциясынын арбын экспорту Кыргызстандын казынасын толтурууга олуттуу көмөк көрсөтөт. Мындай тыянакка Эл аралык валюта корунун (IMF) адистери келди. Алар жарыялаган билдирүүдө 2014-жылы Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрүндө экономикалык өсүш күтүлөт. Аймакта жалпы дүң өндүрүм орто эсеп менен 6% өсөт.

Учурдагы дүйнөлүк негизги валюталардын арзандыгынан пайдаланып, чөлкөмдөгү өлкөлөр өздөрүнүн алтын-валюта резервдерин жакшыртууга толук шарт бар.

Дүйнөлүк биржалардагы сары алтындын туруксуз баалары жана Кыргызстандын кен тармагына байланыштуу чыр-чатактар өлкө экономикасын артта кармап турган негизги себептердин бири. Эл аралык валюта корунун билдиришинче, кыргыз өкмөтүнүн мамлекеттик чыгымдарды кыскартуу программасы фискалдык дефицитти кыскартууга жакшы шарт түзөт.

"Кыргызстандын жалпы дүң өндүрүмү быйыл 7.4%, 2014-жылы 6.5% өсүшү божомолдонду. Ал эми инфляция көрсөткүчү 2013-жылы 8.6%, келерки жылы 7.2% түзөрү күтүлүүдө. Кыргызстандын тышкы карызы 2013–2014-жылдары жалпы дүң өндүрүмдүн 20%– 25% түзөт",- деп билдирди Эл аралык валюта кору.

Божомолдорго ылайык, жалпы дүң өндүрүмдүн Борбор Азия боюнча эң чоң өсүшү Түркмөнстанда – 12.2%, эң азы Казакстанда – 5%. Инфляция деңгээли боюнча чөлкөмдө биринчи орунда Өзбекстан 12.1% менен, эң төмөн инфляция көрсөткүчү Казакстанда – 6.3%. (BAz)

XS
SM
MD
LG