Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:12

Сахаров сыйлыгын Малала Юсуфзай алды


Европарламенттин Сахаров сыйлыгы шаршембиде пакистандык өспүрүм, 16 жаштагы Малала Юсуфзайга тапшырылды. Сыйлыкты тапшыруу аземинде Малала мындай сыйлыкты алуу ал үчүн чоң сыймык экенин билдирип, мындан ары да Пакистанда кыздардын билим алышы үчүн күрөшөм деп убада берди. Жаш укук коргоочунун Сахаров сыйлыгына татыганы өткөн айда белгилүү болгон. 50 миң евролук сыйлык жыл сайын адам укуктары жана эркиндиктери үчүн күрөшкөн активисттерге берилет.

Кыздардын билим алуу укугу үчүн күрөшкөн Малаланы былтыр октябрда талибдер башка атышкан.

Өз өлкөсүндө дарылангандан кийин татаал операция жасатыш үчүн Англияга жөнөп кеткен Малала ушул мартта Бирмингемдеги мектепте окуй баштады. Анын Талибан бийлигинин тушундагы кыйын жашоосу жана кыздардын билим алуусу тууралуу ой-жүгүртүүлөрү камтылган күндөлүгүн Би-Би-Си чыгарып келген.

XS
SM
MD
LG