Акматбек Келдибековдун камалышына каршы Ак үйдүн жанына адамдар нааразылык акциясына чогула баштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Ата-Журт” партиясынын өкүлү Эркин Баяманов билдирди.
Учурда чогулган 40тай киши Келдибековдун бошотулушун талап кылышууда.
Ушундай эле талап менен Алай районунун Гүлчө айылында да адамдар топтолуп, эки боз үй тикти. Келдибековду коргоо комитети да түзүлүп, бир аз мурда комитет өкүлдөрү райондун акими менен жолугушкан. Алардын талаптарын аким Таалайбек Сарыбашев тийиштүү жетекчиликке жеткирүүгө убада берген. Абалга милиция көз салууда. (SE)