Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:17

Нааразы болгондор Ош - Эркеч-Там жолун тосту


Акматбек Келдибековдун бошотулушун талап кылгандар Ош - Эркеч-Там жолун тосушту. Жол Гүлчө айылына кире бериш жеринен тосулганын “Азаттыкка” Алай районунун акими Таалайбек Сарыбашев билдирди. Район жетекчиси учурда окуя болуп жаткан жерде жүрөт.

Уюштуруучулардын айтымында, нааразылык акциясына 200дөй адам топтолуп, эки боз үй тигишти.

Келдибековду коргоо комитети түзүлүп, депутатты боштондукка чыгаруу талабын коюп жатышат. Ушундай эле талап менен Бишкекте Ак үйдүн жанында да митинг өтүүдө.

Акматбек Келдибеков 20-ноябрда УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Башкы прокуратура аны 2005-жылдары Социалдык фонддун төрагасы болуп турган кезде 21 миллион сомдон ашык каражатты негизсиз короткон деп айыптоодо. (SE)

XS
SM
MD
LG