Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:08

“Ата-Журт”: Келдибековдун камалышы – куугунтук


“Ата-Журт” партиясынын саясий кеңеши Акматбек Келдибековдун камалышын саясий куугунтук катары баалады. Бул тууралуу партиянын бүгүнкү кайрылуусунда айтылат. Анда коррупцияга каршы күрөш деген шылтоо менен негизинен, “Ата-Журт” партиясынын мүчөлөрүнүн камакка алынышы - бийликтин атайын жасап жаткан иши катары белгиленген.

Ошондой эле Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду актаган судьялар Курманкул Зулушев менен Медер Сатиевдин жумуштан алынышы да саясий себептен болгону айтылат.

Кайрылуунун соңунда Келдибековду бошотуу талабы жазылып, бийлик бул кадамга барбаса, нааразы болуп чыккан элди токтотууга күчтөрү жетпестиги, бүт жоопкерчлик бийликтин мойнуна жүктөлөөрү жазылган.

Акматбек Келдибеков коррупциялык иштерди жасаган деген кине менен 20-ноябрда камакка алынган. Башкы прокуратура Келдибековдун камалышында саясий өңүт жок экенин билдирди. (SE)

XS
SM
MD
LG