Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:05

Митингге чыккандар менен депутаттар жолукту


Ак үйдүн жанына Акматбек Келдибековду бошотуу талабы менен митингге чыккандар менен депутаттар - Алтынбек Сулайманов, Надира Нарматова, Мирлан Бакиров, Бөдөш Мамырова, Абдыжапар Бегматов жолукту.

Алар түштөн кийин баш прокурор бул иш боюнча парламентте маалымат берээрин, сүйлөшүүлөр жүргүзүлөөрүн айтып, топтолгондорду сабырдуулукка чакырды.
Кабарчыбыздын айтымында, Ак үйдүн жанында ушул тушта 100дөй адам турат.

Ушундай эле талап менен Алайда да митинг өтүп жатат. Келдибековду бошотууну талап кылган 200 чамалуу киши Ош - Эркеч-Там жолун Гүлчө айылына кире бериш жеринен тосуп, эки боз үй тиккенин райондун акими Таалайбек Сарыбашев "Азаттыкка" кабарлады.

Акматбек Келдибеков 20-ноябрда УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Ага 2005-жылдары Социалдык фонддун төрагасы болуп турган кезде 21 миллион сомдон ашык каражатты негизсиз короткон деген айып тагылууда. (SE\JAk)

XS
SM
MD
LG