Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:58

Алай: жол тоскондор жеңил унааларды өткөрүүдө


Акматбек Келдибековдун бошотулушун талап кылып, Ош-Эркеч-Там жолун тоскондор жеңил унааларды өткөрүп жатышат. Акция катышуучуларынын бири Акыл Ирисов “Азаттыкка” билдиргендей, жолдо жүк ташуучу машинелер гана кармалып турат. Токтоп турган унаалардын так саны азырынча белгисиз.

Жол Гүлчө айылына кире бериш жеринен тосулуп, эки боз үй тигилген.

Уюштуруучулардын айтымында, нааразылык акциясына 200дөй адам топтолгон. Түшкө чейин алар менен район акими Таалайбек Сарыбашев жолугуп, талаптарын бийликке жеткирүүнү билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG