Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:47

Эсеп палатасынын эки кызматкери камалды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Эсеп палатасынын эки кызматкерин пара алып жаткан учурда кармады. Мекеменин аудитору И.Ж. жана инспектору А.К. жумуш бөлмөсүндө 35 миң сом жана 700 доллар алып жаткан учурунда 18-ноябрь күнү кармалганын атайын кызматтан бүгүн кабарлашты.

Кармалгандар кимден же кайсыл мекемеден пара алып жатканы айтыла элек.

Эки кызматкерге тең кылмыш иши козголуп, 20-декабрга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. (SE)

XS
SM
MD
LG