Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:25

Паралимпиадага Эсен Калиев барат

Кыргызстандык майып спортчу Эсен Калиев 2016-жылы Бразилияда өтө турган паралимпиадага жолдомо алды. Ал Малайзиянын борбору Куала-Лумпурда ушул айда өткөн пауэрлифтинг боюнча Азиянын ачык чемпионатында 6-орунду ээледи. Калиев 54 кило салмакта 154 килограмм оордуктагы штанганы көтөрүп, паралимпиада жолдомосунун талаптарын аткарды. Бул тууралуу “Азаттыкка” спорт чебери Эсен Калиев өзү билдирди.

Оор атлетчи Эсен Калиев 2012-жылы Лондондо өткөн паралимпиадага да катышкан. (КМа)
XS
SM
MD
LG