Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:05

Салянова: Келдибековдун ишин тергөөдө тоскоолдуктар болду


Бул тууралуу бүгүн баш прокурор Аида Салянова Жогорку Кеңеште "атажуртчу" депутат Акматбек Келдибековдун камалышы боюнча маалымат берип жаткан учурда билдирди. Салянованын айтымында, Келдибековдун ишине байланыштуу айрым документтер 2010-жылдын 7-апрелинде жоголуп кеткен.

- Кийин документтерди алып качып бараткан жерден Келдибековдун коомдук кеңешчиси болуп жүргөн адам кармалган. Азыр да бул ишке байланыштуу айрым адамдар качып жүрөт. Келдибеков эркиндикте жүргөндө тергөөнү аягына чыгарууга тоскоолдук боло берет, - деди Салянова.

Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Акматбек Келдибеков 20-ноябрда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалган. Башкы прокуратура Акматбек Келдибековго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция), 304-беренеси (кызмат абалынан ашыкча пайдалануу) боюнча кылмыш ишин козгогон. “Ата-Журт” партиясынын саясий кеңеши Келдибековдун камалышын саясий куугунтук деп баалаган. Салянова бул иште саясий өңүт жок экендигин айтууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG