Келдибековдун тарапкерлери Ош-Эркеч-Там жолун ача элек. Эки жакта 40ка жакын жүк ташуучу унаа топтолуп турат. Акция катышуучулары жеңил машинелерди гана өткөрүп жатат.
Окуяга көз салып турган кабарчыбыздын айтымында, жолдун 80-чакырымында эл топтолуп, ортого боз үй тигип коюшкан. Бир боз үй жол четинде турат.
Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн 230 жүк ташуучу машине дарегине жетпей, айдоочулар артка кайткан. Облустук ИИБ жүк ташуучу унаа айдоочуларын аталган каттамга чыкпай туруусун эскертти.
20-ноябрда коррупциялык иштерге шектелип, камалган депутат Акматбек Келдибековду бошотуу талабы менен Алайда бүгүн саат 10:00дө нааразылык акциясы башталган. (SE\ErN)