Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:29

Пакистандагы жардыруудан 25 адам жараат алды


Пакистандын түштүк-чыгышындагы Белужистан чөлкөмүндө текшерүү пунктундагы жардырууда 3 киши, анын ичинде эки полициячы жан таслим болду. 25тей кишинин жараат алганы кабарланууда. Алардын онго жакыны оор абалда жатат.

Франс-Пресс агенттиги маалымдаганына караганда, алыстан башкарылган бомба велосипедге коюлган. Кветта шаарына жакын жерде болгон окуя үчүн азырынча эч ким жоопкерчиликти өзүнө ала элек.

Ушул эле күнү эртең менен Хайбер-Пахтунва облусунда америкалык пилотсуз учак медресеге сокку урганда 5 киши мерт кетти. Кабарларга ылайык, окуу жай "ал-Каидага" жакын "Хаккани" уюмуна таандык болчу.

XS
SM
MD
LG