Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:02

Түрк авиакомпаниясы "Кыргыз Эйрлайнстан" баш тартты


Түркиялык “Атласжет” (Atlasjet) биргелешкен “Кыргыз Эйрлайнс” (Kyrgyz Airlines) авиакомпаниясын түптөө пландарынан баш тартты. Бул тууралуу “Атласжеттин” жетекчилигине шилтеме жасап Швейцариянын авиация порталы маалымдады. “Кыргыз Эйрлайнс” авиакомпаниясы 9-сентябрда ишке кирмек.

Кыргызстандын Транспорт жана коммуникация министрлиги “Кыргыз Эйрлайнстын” Бишкек “Манас” — Москва “Домодедово” багытын ар күн сайын тейлөөгө мурда берилген уруксатын бир тараптуу кайра кайтарып алган. Бул тууралуу “Кыргыз Эйрлайнстын” түркиялык ээси “Атласжет” кабарлады.

Быйыл 10-июнда Кыргызстанда катталган “Кыргыз Эйрлайнс” Бишкектен Бээжинге, Москвага, Сеулга, Стамбулга, Улан-Баторго, Орусиянын ири шаарларына жана Ошко учаарын Жарандык авиация агенттиги “Азаттыкка” август айында билдирген.

“Кыргыз Эйрлайнстын” авиапаркында Аэробус–321 жана Аэробус–320 учактары бар экени мурда кабарланган. Июль айында авиакомпания кызматкерлерине сынак жарыяланып, борт коштоочу жана учкучтар жумушка алынган. (BAz)

XS
SM
MD
LG