Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:50

Украина Евробиримдик менен келишимге азырынча кол койбойт


Украина өкмөтү Европа биримдиги менен Ассоциативдик келишим жана эркин соода мейкиндигин түзүү боюнча макулдашууга кол кою даярдыктарын убактылуу токтотууда. Өкмөттүн токтомунда айтылгандай, келишимдердин өлкөнүн өнөр жайына жана Орусия менен соодасына тийгизе турган таасири жакшылап анализделип чыгууга тийиш. Ошондой эле Украина, Еврошаркет жана Орусия өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүү сунушталат.

Анын алдында парламент мурдагы премьер-министр, 7 жылга кесилген Юлия Тимошенконун чет өлкөдө дарылануусуна жол ачкан мыйзам долбоорун четке каккан. Аны коё берүү шарты Евробриимдик тарабынан коюлган. 28-ноябрда Вилнюста кол коюлат деп пландалган макулдашууларды сактап калуу үчүн бүгүн Киевге биримдиктин расмий өкүлү Штефан Фуле учмак.

XS
SM
MD
LG