Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:29

Аз улуттардын абалы талкууланат


Европа коопсуздук жана келишим уюмунун аз улуттар боюнча жаңы дайындалган Башкы комиссары Астрид Торс Кыргызстанга жумушчу сапар менен келди. Ал кечээ Ошко барып, аз улуттардын абалы менен таанышып, шаар мэри Мелис Мырзакматовго жолукту.

Бүгүн Астрид Торс президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков менен жолугат. Анда өлкөдөгү аз улуттардын укугун коргоо тууралуу сөз болот.

Буга чейин БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Нави Пиллэй Кыргызстанда аз улуттардын укуктары тебеленип жатканын билдирип, мамлекет жетекчилигин буга көңүл бурууга чакырган эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG