Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:36

Келдибековду сотко алып келишти


Депутатты колдоо үчүн соттун алдына чогулган эл. 22-ноябрь, 2013-жыл
Депутатты колдоо үчүн соттун алдына чогулган эл. 22-ноябрь, 2013-жыл
Коррупцияга шектелип, камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековду саат 14.00гө жакын Бишкектин Октябрь райондук сотуна алып келишти. Азырынча журналисттерге кирүүгө уруксат берилген жок. Кабарчыбыздын айтымында, сыртта Келдибековду колдогон жүздөн ашуун киши турат.

Сот бүгүн Келдибековдун баш коргоо чарасын карайт.

Депутат Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайына 20-ноябрда камалган. Бүгүн аны колдогон миңге жакын адам Оштогу борбордук аянтта митинг өткөрүп жатат. 21-ноябрда 200дөй тарапкери Ош-Эркеч-Там жолун Гүлчө айылына кире бериштен бууп, кечке жуук ачышкан. (SE\MiT)

XS
SM
MD
LG