Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:49

Украинада нааразылык митинги өттү


Таң эртелеп Киевде башталган митингде адамдар Евробиримдиктин желегин желбиретип турушту, 22-ноябрь, 2013
Таң эртелеп Киевде башталган митингде адамдар Евробиримдиктин желегин желбиретип турушту, 22-ноябрь, 2013
Украин өкмөтү Евробиримдик менен Ассоциативдик келишимге жана Эркин соода жүгүртүү жөнүндөгү документке кол коюудан баш тартканына нааразы болгон миңдей киши бүгүн Киевдин борборуна чогулган.

Митингчилер: “Украина – бул Европа”, - деп кыйкырып турушту. Келгендерге оппозициянын лидерлери кайрылып жатышты. “Эгемендик” аянтындагы митингге коопсуздук күчтөрү көз салып турушту.

Кечээ украин өкмөтү Евробиримдик менен түзүлчү келишимдерге даярдыктарды азырынча токтото турууну чечкен. Анын алдында парламент мурдагы премьер-министр, учурда камакта жаткан Юлия Тимошенкону чет өлкөдө дарылатуу жөнүндөгү сунушту четке каккан . Евробиримдик менен келишимдерге келерки аптада Вильнюстагы саммитте кол коюлмак.

XS
SM
MD
LG