Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:54

Атамбаев прокурорлорду куттуктады

Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев прокуратура тармагында иштегендерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Куттуктоодо бул кесипти аркалоо – эң жоопкерчиликтүү жумуш экенин белгилеген Алмазбек Атамбаев мыйзамдуулукту орнотууда прокурорлорго ишеним артаарын айткан. Муну менен катар прокуратура – адам кыйын абалга тушуккан учурда үмүт менен кайрыла турган мекеме экенин да кошумчалаган.

Кыргызстанда алгачкы прокуратура 1924-жылдын 22-ноябрында ошол кездеги революциялык комитеттин отурумунда түзүлгөн. (SE)
XS
SM
MD
LG