Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:34

Ош: митингге чыккандар сот чечимин күтүп жатышат


Оштогу митинг, 22-ноябрь, 2013-жыл
Оштогу митинг, 22-ноябрь, 2013-жыл
Ошто Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековдин тарапкерлери сот чечимин күтүп жатышат. Алар депутат бошотулбаса, мөөнөтсүз нааразылык акцияларын баштаарын, өлкөнүн негизги жолдорун торой тургандыктарын эскертишүүдө.

Кабарчыбыздын айтымында, борбордук аянттагы митинг катышуучулары түш оогондо азайып калган. Ушул тапта кайрадан 600-700 чамалуу эл топтолду.
Акцияга “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев да катышууда.

Ушу тапта Келдибековдун баш коргоо чарасын Бишкектеги Октябрь райондук соту жабык карап, УКМКнын тергөө абагына эки айга камоо чечимин чыгарганы маалым болду.

Коррупциялык иштерди жасаган деген кине менен Келдибеков Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайына 20-ноябрда камалган. Буга нааразы болгондор 21-ноябрь күнү Бишкекте жана Алайда нааразылык акциясын өткөрүшкөн. (SE\ErN)

XS
SM
MD
LG