Британияда бейшембиде 69 жаштагы малазиялык, 57 жаштагы ирландиялык жана 30 жаштагы британиялык аялдар ондогон жылдарга созулган кулчулуктан бошотулганын полициядан кабарлашты. Аялдар “өтө жабырланган” абалда табылганы кошумчаланды. Азыр кылмышка шектүү катары Лондондогу үйдөн 67 жаштагы аял менен эркек кармаган. Өткөн айда кайрымдуулук уюмдарынын биринен полицияга кайрылуу болуп, анда белгисиз аялдан жылдар бою кул катары кармалып келгени тууралуу арыз түшкөнү кабарланды. Укук коргоо органдары окуяны иликтеп жатышат.