Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:35

Ошто Келдибековдун тарапкерлери тарай баштады


Кабарчыбыздын айтымында, камактагы депутат Акматбек Келдибековду колдоп Оштогу борбордук аянтка митингге чыккандар ушул тушта тарап жатышат. Алар Келдибековду бошотуу талабы менен митингди 23-ноябрда Алайда уланта турганын айтышты. Өлкөнүн негизги жолдорун бууй тургандыктарын да эскертишти.

Акматбек Келдибековдун тарапкерлеринин бүгүнкү митингине уюштуруучулардын айтымында, миңге чамалуу, байкоочулардын эсебинде беш жүздөй адам топтолду. Нааразылык акциясына “Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев да катышты.

Бишкектеги Октябрь райондук соту бүгүн Келдибековду эки айга УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин чыгарды. Депутат коррупциялык иштерди жасаган деген айып менен 20-ноябрда камакка алынган. (SE)

XS
SM
MD
LG