Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:43

Латвиядагы дүкөндө өлгөндөрдүн саны 45 адамга жетти


"Максима" соода борборунан куткаруучулар дале уранды астында калгандарды издеп жатышат, 22-ноябрь, 2013
"Максима" соода борборунан куткаруучулар дале уранды астында калгандарды издеп жатышат, 22-ноябрь, 2013
Ригадагы чоң дүкөндөрдүн биринин чатыры кечээ кечинде эл көп чогулган маалда түшүп кеткен. Куткаруучулар дагы ондогон адамдар урандылар астында болушу мүмкүн деп издөө иштерин улантууда. 40ка жакын адам жаракат алган.

23-ноябрь - өлкөдө аза күтүү күнү деп жарыяланды. Жумурият жетекчилиги жакындарын жоготкондорго терең кайгыруу менен көңүл айтты. Кырсыкка эмне себеп болгону дале иликтенип жатат, бирок расмий өкүлдөр дүкөндүн чатырында кышкы бакчанын курулушу жүрүп жатканын кабарлашты. Имарат эки жыл мурун курулган.

XS
SM
MD
LG