Бүгүн Санкт-Петербургда түрк премьер-министри менен сүйлөшүүдөн кийин Орусиянын президенти Владимир Путин: "Ачыгын айтканда, биз өзүбүздүн европалык өнөктөштөр Украинаны омуроолоп сүйлөгөнүн уктук. Керек болсо, алар массалык нааразылык акцияларын өткөрүүгө көмөктөшө турганын да кыйыткандай болушту. Мына ушунун өзү басым, мына ушунун өзү шантаж, - деди. - Украин жетекчилиги мындан чочуп калабы-жокпу, жакынкы күндөрү дайын болот".
Киев Евробиримдик менен келерки аптада Вильнюста өтө турган саммитте Ассоциативдик келишимге жана Эркин соода жөнүндөгү макулдашууга жетише турганы айтылган. Бирок бейшембиде украин өкмөтү келишимге даярдыкты убактылуу токтоткон.
Түрмөдө жаткан мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенко буга нааразылык иретинде элди массалык митингдерге чыгууга үндөгөн. Андай акциялардын бири жума күнү таң эртелеп Киевдеги борбордук аянтта өттү.