Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:32

Милиция Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там жолу тосулбаганын билдирди


Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Жоробай Абдраимовдун “Азаттыкка” билдиришинче, Алайдын Сопу-Коргон айылынын Тамчы аймагында азыр боз үй тигилген. Ушул тапта Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Ашым Тагаев эл менен сүйлөшүп, жол тосулган жок.

“Ата-Журт” партиясынын түштүк аймагы боюнча лидери Дария Шабданова Ашым Тагаевди көрбөгөндүгүн, боз үй тигилип, жол тосула баштаганын “Азаттыкка” маалымдады. Алар кечээ эки айга камалган депутат Акматбек Келдибковду үй камагына бошотуу талабын коюп жатышат.

Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибеков УКМК тергөө абагына эки айга камалды. Мындай чечимди кечээ Бишкектин Октябрь райондук соту кабыл алды.

Коррупциялык иштерди жасаган деген кине менен Акматбек Келдибеков 20-ноябрда камалган. Анын бошотулушун талап кылган 500 чамалуу адам кечээ Оштун борбордук аянтында митинг өткөрүп тараган эле. Нааразылык акциялары 21-ноябрь күнү Бишкекте жана Алайда өткөн. (AzK)

XS
SM
MD
LG