Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:43

Кыргызстанда Турсунбек Акун баштаган кыймыл түзүлдү


Экс-омбудсмен Турсунбек Акундун “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүн революциялык, демократиялык, патриоттук, оппозициялык кыймылдардын башын кошкон уюштуруу комитети түзүлүп, жетекчилиги бекиди. Комитетинин төрагасы Турсунбек Акун жана эки орун басары болуп “Кыргызстанды сактоо” кыймылынын башчысы Мукар Чолпонбаев менен “Мээр жазы”коомдук бирикмесинин жетекчиси Ыргалай Бекмуратова шайланды. Дагы бир орун басарлык орун жаш талапкер үчүн калтырылды. Аталган комитеттин максаты - бийликтин кемчиликтерин ачыкка чыгаруу, демократияны калыбына келтирүү, парламенттик системаны коргоо болуп саналат. Турсунбек Акун азыр комитетин курамына түрдүү уюмдар, бейөкмөт уюмдар тартыларын белгиледи. (AzK)

XS
SM
MD
LG