Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:03

Караколдо маңзатка көз каранды адамдар көбөйүп жатат


Бул тууралуу "Азаттыкка" «Гармония+» коомдук бирикмесинин директору Гүлшара Орозбакова билдирди. Анын айтымында, азыр расмий катталгандарга атайын код берилет жана аты-жөндөрү сыр сакталат. Аларга медициналык-социалдык жардамдар берилет. "Алгач келгенде “милицияга бербейби” деп чочулашат. Бул адамдар көбүнчө мурда соттолгондуктан паспорттору жок, ошондуктан аны алып берүүгө жардам беребиз", - дейт Гүлшара Орозбакова.

Каракол шаарында баңгизаттан көз каранды болжол менен 400гө жакын адам бар. Алардын ичинен 200ү расмий каттоого туруп, ар кандай социалдык жардамдарды алып турушат. (MK/AzK)

XS
SM
MD
LG