Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Иран Бишкек – Тегеран каттамын жандандырууга кызыкдар


"ИранЭйр" авиакомпаниясынын Боинг–747 учагы, Тегеран.
"ИранЭйр" авиакомпаниясынын Боинг–747 учагы, Тегеран.
Иран ислам республикасынын Кыргызстандагы элчилиги Бишкектен Тегеранга түз авиакаттамдарды калыбына келтирүүгө кызыкдар. Эки борбор калааны бириктирген авиарейсти жандандыруу өтүнүчү менен ирандык дипломаттар "Эйр Кыргызстан" авиакомпаниясына кайрылганын аты аталган авиаишкананын вице-президенти Кайрат Итибаев "Азаттыкка" билдирди.

"Ирандыктар Бишкек – Тегеран учак каттамын кайра калыбына келтирүүгө колунан келген жардамын берерин айтышты. Алар Кыргызстанга түз учууга абдан кызыкдар экенин билдиришти", – деди Итибаев.

Учурда Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы соода көлөмү 22 миллион долларга барабар. Бирок адистердин айтымында, акыркы 5–6 жылда бул сан мындан арбын болчу. Алар муну түз авиакаттам жоктогуна жана кыргыз визасын алуудагы кыйынчылыктарга да байланыштырды.

Былтыр Бишкектен Мешхедге жана беш жыл мурда Тегеранга түз аба каттамдары жүргүнчүлөрдү тейлеп турган. Учурда Кыргызстандан Иранга түз авиарейс жок. (BAz)

XS
SM
MD
LG