Египет Түркиянын элчисин өлкөдөн чыгарып, Анкара менен дипломатиялык алакасын чектеди.
Египеттин Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Түркия Египеттин ишине кийлигишүүнү токтотпогондуктан, Анкаранын бул өлкөдөгү башкы өкүлү персона нон грата деп жарыяланды.
Министрликке ылайык, Түркия менен дипломатиялык алака убактылуу ишенимдүү өкүлдүн деңгээлине төмөндөтүлөт. Түркиянын президенти Абдулла Гүл «алакалар жакын арада калыбына келет» деген ишенимин билдирди.
Мунун алдында Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган Египетте кулатылган исламчыл президент Мухаммад Мурсинин сотун айыптап, өлкөдөгү кырдаалды «гуманитардык драма» деп мүнөздөгөн эле.