Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:39

Тажикстанда өкмөт башчысы иштен кетти


Тажикстанда президент Эмомали Рахмон көптөн берки премьер-министр Акил Акиловду иштен алды.

Бүгүн жарык көргөн жардыкка ылайык, Рахмон анын ордуна Согды дубанынын башчысы Кохир Расулзоданы бекитти.

70 жаштагы Акил Акилов өкмөттү 1999-жылдан бери жетектеп келген эле. Өкмөттү президент өзү башкаргандыктан, Тажикстанда премьер-министр формалдуу кызмат болуп саналат.

Рахмон 16-ноябрда төртүнчү ирет президент болуп шайлангандан бери коргоо министрин алмаштырып, бир нече министрликти кайра уюштурууга буйрук берди.

XS
SM
MD
LG