Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:05

Рыспай Абдыкадыров тууралуу жыйнак жарык көрдү


Таланттуу обончу, композитор Рыспай Абдыкадыровдун өмүрү,чыгармачылыгы тууралуу алты томдук китептин алгачкы тому жарык көрдү. Бл тууралу китептин авторлорунун бири, Жалал-Абад мамлекеттик Университетиндеги Абдыкадыров атындагы клубдун төрагасы Султан Борошев Азаттыкка" билдирди. Жыйнакта обончу тууралу эскерүүлөр, обондору, фото жана видеоматериалдар топтолгон. Кыргыз, орус, англис, кытай жана түрк тилдеринде жарык көргөн жыйнакты чыгарууну Абдыкадыров атындагы коомдук фонд мойнуна алган.

Рыспай Абдыкадыров 1941-жылдын 12-январында Оштун Кара-Кулжа районунда төрөлгөн. Ал кыска өмүрүндө 200дөн ашуун чыгарма жараткан. Абдыкадыров 53 жашында дүйнө салган.(YA)

XS
SM
MD
LG