Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:53

Кытай: Тянанмень чабуулу үчүн жоопкерчиликти уйгур уюшмасы алды


Уйгур исламчыларынын Түркстандын исламдык партиясы деп аталган уюшмасы Бээжиндин Тянанмен аянтында өткөн айда болгон кандуу унаа чабуулун уюштургандыгын бышыктады. Уюм тараткан үн тасмада өзүн Абдула Мансур деп атаган киши 28-октябрдагы окуяны «жихад операциясы» деп мүнөздөдү.

Мансур ошондой эле бул Кытай парламенти сыяктуу имараттарга жана кытай жетекчилерине чабуулдардын башталышы гана экендигин эскертти.

Машина Тянанмен аянтында элди сүзүп келип жарылганда беш киши набыт болгон. Кытай кол салуу үчүн Чыгыш Түркстан исламдык кыймылын күнөөлөгөн.

Түркстан Исламдык партиясы деген аталыш менен да белгилүү болгон бул уюшма Шиңжаңдагы уйгурлардын сеператисттик тобу деп саналат.

XS
SM
MD
LG