Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Авиация министрлигин түптөө сунушталууда


Советтик ТУ–144 учагы, СССР, 20-апрель 1973-ж.
Советтик ТУ–144 учагы, СССР, 20-апрель 1973-ж.
Кыргыз авиаторлорунун жоон тобу Жарандык авиация жана туризм министрлигин түптөө сунушу менен коомчулукка жана тиешелүү мекемелерге кайрылаарын "Азаттыкка" билдиришти.

Мурдагы Советтер союзунда Жарандык авиация министрлиги 1964-жылы түптөлүп, 1991-жылы СССР ураган кезде жоюлган. Ушундай эле мекеме Германияда 1930–1940-жылдары жана Британияда 1959–1967-жылы болгон.

Орусияда дагы Жарандык авиация министрлигин кайра түзүү демилгеси 2011-жылдан бери көтөрүлүп келе жатат. Учурда Авиация министрликтери Египетте, Индияда, Нигерияда, Ооганстанда, Сьерра-Леонеде жана Шри Ланкада бар.

Кыргыз авиаторлорунун айтымында, Кыргызстандын шартында жер үстүнөн жүргөн транспорттун альтернативасы – аба транспорту. Алардын пикиринде, океандардан алыс, 5 миллион калкы бар тоолуу чакан Кыргызстанга бул министрлик абдан зарыл.

Убагында кыргыз жарандык авиациясынын атагы дүйнөгө чыгып, көптөгөн чет элдиктер биринчи кыргыз учкучу Ишенбай Абдраимовдун наамын алып жүргөн авиация окуу жайында билим алган. (BAz)

XS
SM
MD
LG