Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:08

Алайда буулган жол ачыла элек


Коррупцияга шектелип, камакка алынган депутат Акматбек Келдибековдун тарапкерлери бууган Ош - Эркеч-Там жолу азырынча ачыла элек. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, Алай районун Сопу-Коргон айылы туштан үч боз үй тигип, жолду буугандар жүк ташуучу унааларды өткөрбөй жатышат. Жеңил машинелер жолдон тоскоолдуксуз өтүүдө. Бүгүн таңкы саат 7ге карай жолдун эки жагында 30га жакын жүк ташуучу унаа өтө албай турат. Кечээ Алай райондук бийлик өкүлдөрү нааразылык акциясына чыккандар менен сүйлөшүп, жолду ачууга үндөшкөн. Бирок мындан майнап чыккан жок.

Акматбек Келдибековдун тарапкерлери бул жолду жекшемби түшкө жуук торошкон. Алар депутат үй камагына чыгармайын жолду ачпай турганын билдиришүүдө.(BkA)

XS
SM
MD
LG