Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:16

Иран: өзөктүк программа келишими кубаттоого татыды


Өзөктүк программа боюнча Иран жана алтылыктын келишимин бир катар өлкө лидерлери кубаттоого алышты.

АКШ президенти Барак Обама бул келишимди Ирандын өзөктүк программасынын айланасында талашты чечүүгө алгачкы маанилүү кадам деп сыпаттады. Орусиянын президенти Владимир Путин болсо келишимди узак жана татаал жолдогу алдыга жылуу деп баалады. Ирандын жогорку лидери аятолла Ал Хаменеи Женевадагы келишим өз өлкөсүнүн ядролук программаны ишке ашырууга укугун тааный турганын белгилеп, аны прогресске негиз боло алат деп билдирди. Ирандын президенти Хасан Роухани келишим жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачат деп атады.

Жекшембиде Женевада АКШ, Орусия, Кытай, Улуу Британия, Германия жана Франция кирген алтылык менен Иран өзөктүк программа боюнча макулдашууга жетишкен. Ага ылайык, Иран ядролук программасынын айрым аспектилерин токтотсо, санкцияларды жеңилдетүү каралган. Анткен менен Израил бул макулдашууну “тарыхый ката” деп сыпаттап жатат.

XS
SM
MD
LG