Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:06

Ошто коомдук транспортко сабырдуулукка чакырган баракчалар илинет


Оштун борбордук аянты
Оштун борбордук аянты
Оштогу коомдук унааларга жарандарды сабырдуулукка, ыймандуулукка жана кичипейилдүүлүккө чакырган баракчалар илүү демилгесин шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги көтөрүп жатканын бүгүн мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты. Агенттиктин маалымдашынча, коомдук унааларда орой мамиле жасагандардын саны көбөйүүдө. Баракчалар аркылуу жүргүнчүлөр сыпайы болууга чакырылат.

Учурда Ош шаарында 970 маршруттук такси, 150 автобус, 12 троллейбус жүргүнчүлөрдү тейлейт. Баракчалар 1-декабрдан тарта илине баштайт. (SE)

XS
SM
MD
LG