Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:54

Ош-Эркеч-Там жолунда 200дөй унаа турат


Депутат Акматбек Келдибековдун тарапкерлери тарабынан буулган Ош-Эркеч-Там жолунда 200дөй автоунаа топтолуп турат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.

Унаалардын санын көбөйтпөө максатында Оштон жана Эркеч-Тамдан чыга бериш жерлерге Жол кайгуул кызматынын көчмө посту орнотулуп, айдоочуларга жолго чыкпоо эскертилип жатат.

Нааразылык акциясы Алай районун Сопу-Коргон айылында болууда. Милициянын маалыматында, үч боз үй тигилип, 50дөн ашуун киши жолду бууп отурушат. Уюштуруучулар болсо 100дөн ашык адам топтолгонун айтууда. Алар буга чейин жүк ташуучу машинелерди гана тосуп, жеңил унааларды өткөрүп жаткан. Учурда жолдон бир да машине өтпөгөнү кабарланууда.

Келдибековдун тарапкерлери жолду жекшемби күнү түшкө жуук торошкон. Алар депутат үй камагына чыгармайын жолду ачпай турганын билдиришүүдө. 22-нобярь күнү да аталган жолду бууп, кечке жуук ачышкан эле.

Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Акматбек Келдибеков коррупциялык иштерге шектелип, 20-ноябрда кармалган. Бишкектеги Октябрь райондук соту аны 2 айга УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин чыгарган. (SE)

XS
SM
MD
LG