Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:45

Ошто митинг болгон жок


Ош шаарында Акматбек Келдибековдун тарапкерлеринин бүгүнгө пландалган митинги болгон жок. Учурда борбордук аянт тынч экенин шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

“Ата-Журт” партиясынын Оштогу координатору Дарыя Шабданова да бул маалыматты тастыктады. Анын айтымында, митингди өткөрүү түштөн кийинге жылган. Алай районунун Гүлчө айылында да бүгүн митинг болору кабарланган. Келдибековдун тарапкерлеринин бири Акыл Ирисов “Азаттыкка” билдиргендей, ал жакта да азырынча наарызылык акциялары баштала элек.

Жекшембиден бери депутатты жактаган 100дөн ашуун адам анын бошотулушун талап кылып, Ош - Эркеч-Там жолун Сопу-Коргон айылына жакын жерден бууп турат.

Келдибеков коррупциялык иштерге күнөөлөнүп, 20-ноябрда кармалган. Сот аны эки айга УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин чыгарган. (SE)

XS
SM
MD
LG