Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:30

Киев ЕБ менен келишимге эмки жылы кол коюшу мүмкүн


Украинанын премьер-министри Микола Азаров Европа Биримдиги менен Ассоциация тууралуу келишимге эмки жылдын башындагы саммитте кол коюлушу мүмкүн деп билдирди.

Жекшемби күнкү телеинтервьюсунда премьер Евробиримдик өлкөнүн экономикалык абалын жакшы түшүнөт жана Брюссель документке кол коюлушун четке каккан жок деди. Өткөн аптада Киев көптөн бери талкууланып келаткан келишимге даярдыктарды убактылуу токтотуп жатканын жарыялаган. Макулдашууга 28-ноябрда Вилнюстагы саммитте кол коюлмак.

Жума күнү шаркеттин кеңейүү боюнча комиссары Штефан Фүле Украина келишимге эмки жылы кол коё алат деген. Азаров оппозициялык саясатчылар өкмөт чечимин трагедия катары сыпаттап, өлкөдөгү социалдык жана саясий кырдаалды бейстабилдештирип жатышат деп сындады. Он миңдеген киши кечээ баш калаада Евробиримдикти жактаган демонстрация өткөрүштү.

XS
SM
MD
LG