Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:47

Киевде демонстранттар менен милиция кагышты


Киевде оппозиция тарапкерлери менен милиция кайрадан кагылышты. Демонстранттар премьер-министр Микола Азаровдун кызматтан кетишин талап кылып, эртеден бери өкмөт имаратын пикеттеп жатышкан. Өткөн аптада Азаров Евробиримдик менен Ассоциация келишимине даярдыктарды убактылуу токтотуу токтомуна кол койгон.

Милиция элди имараттын жанынан сүрүп чыгуу үчүн жаш агызчу газ менен желим союлдарды колдонду. Демонстранттар болсо аларга каршылык көргөзүштү. Ушул эле күнү кечээки кагылышуулар боюнча кылмыш иш козголгону белгилүү болду. Тартип коргоочулардын иш-аркеттерине да арыздар түштү.

Евроинтеграциянын колдоочулары өткөргөн акцияга кечээ Киевде ар кандай маалыматтарга караганда, 50 миңден 100 миңге чейин киши чогулган.
Оппозиция парламенттин чукул сессиясын өткөрүүнү талап кылууда.

Еврошаркет менен документке 28-ноябрда Вилнюстагы бийик жолугшууда кол коюлаары күтүлүп жаткан.

XS
SM
MD
LG