Түркмөнстан президенти Гурбангули Бердимухаммедов Өзбекстанга эки күндүк сапарын баштады. Визит учурунда президент Ислам Каримов менен эки тараптуу алакалар, энергетика тармагындагы кызматташтык, жаратылыш газын Кытайга экспорттоо жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаал кеп кылынмакчы. Бул тууралуу түркмөн мамлекет башчысынын кеңсесинен билдиришти. Жолугушууда НАТО аскерлеринин Ооганстандан чыгып кеткенден кийинки Борбор Азиядагы коопсуздук кырдаалы да талкууланат.