Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:08

HRW таш бараңга алуу жазасын калыбына келтирүүгө каршы


Хьюман Райтс Уоч (HRW) эл аралык уюму Ооганстан бийлигин "ала жипти аттагандарды" таш бараңга алууну калыбына келтирүү сунушун четке кагууга үндөдү. Уюмдун Азия боюнча өкүлү Брэд Адамстын айтымында, Талибан режими кулатылгандан 12 жыл өктөндөн кийин жазалоонун мындай түрүн калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү акылга сыйбайт.

Ооганстандын Юстиция министрлиги алдындагы жумушчу топ “адеп-ахлак кылмыштары” үчүн таш бараңга алууну сунуш кылган. Талибандын учурунда никеден тышкары жыныстык мамиле куруу үчүн таш бараңга алуу каралган. Адамс президент Хамид Карзайды адам укуктарын урматтаарын далилдеп, сунушту четке кагууга чакырды.

XS
SM
MD
LG